БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык бильярдчылар Дастан Лепшаков менен Каныбек Сагынбаев дүйнө чемпионатына катышуусун андан ары уланта турганын "Дуплет" маалымат сайтында маалымдалат.
Бильярддын динамикалык пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты Финляндиянын Иматра шаарында өтүүдө.
Биринчи турда Лепшаков россиялык Никита Володин менен беттешип, 7:4 эсебинде жеңишке жетишкен. Кийинки турда кыргызстандык спортчу белоруссиялык Святослав Семенов менен беттешмекчи.
Ал эми Сагынбаев буга чейин финляндиялык Кристиан Песолуну 7:2 эсеби менен утуп алган. Кийинки оюнда ал Грузиядан келген Нугзар Тебидзе менен күч сынашат.
Эки беттеш тең жума күнү өтөт.