БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Сүлүктү шаарындагы шахтадагы үч адам газга ууланып каза болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда түштөн кийин саат 4:20 чамасында болгон. Аталган шахта "Матазим" ЖЧКсына караштуу. Каза болгондорду жана жабыркагандарды шахтадан шахтёрлор өздөрү чыгарышкан. Кечки саат 6:40 чамасында ӨКМдин алты куткаруучусу барып, газдын ченемин текшеришкен.
Жабыркаган эки адам Сүлүктү шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган жана каза болгон үч адамдын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.