Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетектчиси Таалайбек Мырзабаевдин айтымында, атайын даярдыктагы "Шер" батальону менен 708 аскер бөлүгүнө жаңы чакырылган жоокерлер 6-октябрдан тарта барышты. Ошондой эле, атайын даярдыктагы "Барс" жана "Пантера" бригадаларынын катары да толукталды.
"Нарын, Чүй, Талас облусунан чакырылган жоокерлер келди. Эми башка аймактан да күтүп жатабыз. Улуттук гвардияга болжол менен миңдей жаңы жоокер алынат"
Жаңы келгендерди Улуттук гвардиянын командирлери тосуп алды.
Жаңы жоокерлердин кийимге жана башка нерсеге болгон муктаждыктары толугу менен камсылдалат.

Улуттук гвардияга 107 жаңы аскер келди

Аскерге чакырылгандарды Улуттук гвардиянын командирлери тосуп алды

Аскердик турмушка аттана тургандар түрдүү шымдар эмес, бирдиктүү формаларды кийишет

Нарын, Чүй жана Таластан аскерге чакырылгандар

Аскердик тартип катуу. Узун чачтар аскерлер үчүн эмес

Тазалыкты, өздүк гигиенаны сактоо аскердин милдеттеринин башкысы

Жаңы аскерлерге жаңы формалар берилет

Кечээ эле эч нерседен капары жок жигиттер бүгүн минтип форма кийип, жоопкерчиликти алышууда

Аскерге жаңы чакырылгандар мончодон кийин

Окуу жайдын жетекчилиги жигиттерге аскер өнөрлөрүнүн катылып жаткан сырларын үйрөтүшөт

...эми алар аскердик тартипке көнүшү керек

Алгачкы тизилүү. Кызыккан нерселер абдан көп

Тыкан жүрүү аскердин милдети.