БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында мамлекеттик жер жеке жактарга мыйзамсыз берилген факты аныкталганын Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2011-жылдын 8-июлунда Талас облусунун район аралык сотунун чечими менен айылдын борборунда жайгашкан 0,31 гектар жер жергиликтүү тургунга берилген.
Кара-Буура райондук прокуратуранын текшерүүсүнүн натыйжасында, мыйзамсыз аракет аныкталып, район аралык соттун чечимине кассациялык кат берилген. Мындан улам аталган соттун чечими жокко чыгарылып, жер аянты Кара-Буура айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.