БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте 42 жаштагы аялды коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу изделип жатканын Жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү болжол менен саат 16.20да белгисиз унаадагы айдоочу Жибек Жолу проспекти менен батышты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.
Жол кырсыгынан буту жабыркаган аял Бишкектеги травмотология бөлүмүнө жеткирилген.