WND: АКШ менен коюн-колтук алышкан мамлекеттер Россияга кайрылууда

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАКШ жана Россиянын желектери. Архив
АКШ жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барак Обама баштаган администрациянын Иран боюнча көз караштарына Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү нааразы болуп турган шартта Россия аталган аймактагы өзүнүн карым-катнашын кайра калыбына келтирүүдө деп билдирет америкалык WND маалымат ресурсу.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Израиль менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү АКШнын Жакынкы Чыгыштагы мурдатан берки союздашы менен Москванын мамилелери жакшырып жатканына дагы бир далил деп жазат WND. Бул ядролук маселе боюнча эл аралык келишим түзүлгөнүнө байланыштуу Вашингтон менен Ирандын мамилелери оңолгон шартта болуп жатканы белгиленген.

Түркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: РФ, Түркия, АКШ жана Иран Сириянын маселесин бирге чечиши керек
Америкалык WND маалымат ресурсу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Москвага келиши олуттуу мааниге ээ экендигин баса көрсөтөт. Иш сапарынын жүрүшүндө саясатчы эки өлкө Сириядагы аскердик аракеттерди жөнгө салуу жөнүндө макулдашты деп билдирген.

Азыркы учурда "Жакынкы чыгыштын тектоникалык төшөлмөлөрүндө" жылыштар жүрүп, алар 1979-жылдагы Ислам революциясынан берки аймактагы эң олуттуу жана кайгылуу экенин ырастайт WND. Кыязы, кырк жылдай убакыт өткөндөн кийин Россия Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен, айрыкча Иран боюнча Обаманын көз карашына макул болбогон өлкөлөр менен өз байланыштарын калыбына келтирүүдө.

Ирандын ядролук маселелери боюнча келишимге кол коюлгандан кийин Россия менен Сауд Аравиясы энергетика тармагында биргелешкен аракеттерин жандандырышы мүмкүн деп эске салат WND. Аталган эки өлкөнүн ортосундагы татаал мамилелерден кийин бул олуттуу жылыш болуп эсептелет.

Военнослужащий правительственной армии Сирии ведет огонь из пулемета. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Gazeta Wyborcza: Россия АКШны "сириялык капканга" түшүрдү
Россиянын Египет менен да мамилеси жакшырууда: WND алардын аскердик жана экономикалык кызматташтыгы күч алып келе жатканын белгилейт. Барак Обаманын администрациясы Россия менен жакындашууга умтулган президент Абдель Фаттах ас-Сисинин өкмөтүнө кайдыгер мамиледе. Эки өлкөнүн жакындашуусуна, алсак, 3,5 миллиард долларлык курал сатуу жөнүндө Москва менен Каирдан ортосундагы өткөн жылкы келишим жана Жер ортолук деңизде биргелешип өткөрүлө турган аскердик окуулар жөнүндө билдирүүлөр мисал болот.

Андан тышкары, март айында Россия АКШнын дагы бир эски шериктеши болуп эсептелген Иорданияда алгачкы АЭС куруу үчүн 10 миллиард долларлык келишимге кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0