Кийин жыл сайын белгиленген күнү эскериле турганды эскерип, майрамдала турган нерсени майрамдайбыз. Алгачкы жылдары эскерүүбүз толук бир күндү камтып, укмуштуудай даярдыкта өткөнү менен, бара-бара ошол бир күнүбүздү да аяп, жөн гана ырымын кылып, жымсалдап жыт чыгарып каларыбыз көп эле байкалып келет.
А тилибиз болсо көзү өтүп кеткен жакыныбыздай күн санап эсибизден чыгып, күн санап алыстап кетип барат. Узап бараткан шооладай бүлбүлдөй өчүп, үлпүлдөй үзүлүп туңгуюкка чөгүп барат тилибиз…
Бирок "ак ийилет, бирок сынбайт" деген макалды так ошол жаралуу тилибиз тапкан эмеспи. Атпай адам аттуунун дастандарын кошсо да караандабай турган улуу дастанды тапкан ошол баатыр тилибиз. Кырааным кыргыз эрлерин, кыр-кырдан таап жыйнаган, карысы Бакай сүйлөгөн, кырааны Манас күүлөгөн дагы биздин айкөл тил. Кырылган сайын күчөгөн дагы, түгөнгөн сайын түтөгөн дагы ошол тилибиз.
Кара кийип кайгыра турган мына биз! Биз, борбордогулар, өзүн маданияттуу имиш сезгендер, өзүн билимдүү сымал сезгендер, өзүн чыгаансымал элестеткендер жоготуп койдук. Өзүбүз жоготуп коюп, кайра өзүбүз үшкүрүмүш болуп отурабыз. Эскеримиш болуп, жыт чыгарымыш болуп, ырымдамыш болуп отурабыз.