Бишкекте Курманжан датка көчөсүнүн бир тилкеси үч күнгө жабылат

Жазылуу
Көчөнүн жабылышы күз-кыш мезигилине даярдык көрүү үчүн жылуулук трассаларын оңдоо иштерине байланыштуу.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкектеги Курманжан датка көчөсү үч күнгө жабыла турганын "Бишкежылуулуктүйүнү" ишканасы билдирди.

Аталган жолдун Уркуя Салиева көчөсүнөн Муса Жалил көчөсүнө чейинки бөлүгү менен жүргөн жол кыймылы 23-26-сентябрь күндөрү жабык болот.

Оңдоо иштерин "Кайнар" ишканасы жүргүзүүдө. Ишкана көчөнүн жабылышы күз-кыш мезигилине даярдык көрүү үчүн жылуулук трассаларын оңдоо иштерине байланыштуу экенин кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0