Президент Атамбаев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл биосфералык аймагына кириш. Архив
Ысык-Көл биосфералык аймагына кириш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы Ысык-Көл облусунун активи менен жолугуп, аймакта эки күн болот.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-сентябрда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен жөнөп кеткенин өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында президент Каракол жана Балыкчы шаарынын, ошондой эле Ысык-Көл, Түп, Тоң, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жашоочулары жана активи менен жолугушат. 

Жумушчу сапар 23-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0