БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Эрмек Мойдуновдун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 миң сом материалдык жардам берүү боюнча буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Чыгаан артистти акыркы сапарга узатуу зыйнаты, бүгүн 19-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.
Эрмек Мойдунов "Сары-Ой", "Эне жөнүндө баллада", "Күйдүм чок", "Сары-Челек" ырларынын мыкты аткарган. Ал 1944-жылы Ош облусунун Жапалак айылында төрөлгөн.
Кыргыздын алгачкы тенор үндүү ырчыларынын бири Мойдунов 21 жашынан баштап филармонияда иштеп, Зейнеп Шакеева, Рыспай Абдыкадыров, Гүлмайрам Момушева сыяктуу залкарлар менен эмгек жолун баштаган.