БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жамааты кыргыз өкмөтүнүн коррупция менен күрөшүү боюнча мыйзамдары менен токтомдорун окуп өздөштүрүп жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Дүйшөмбү күнү мекеменин борбордук аппаратынын жеке курамы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бардык мыйзамдарды, токтомдорду, буйруктарды өздөштүрүүгө киришти.
ЖАМК мекеменин иш-аракеттеринде аныкталган коррупциялык тобокелчиликтерди талдоодо. Калктын аталган мекеме кызматкерлерине болгон ишенимин арттыруу үчүн расмий сайтка коррупцияга каршы аракеттин жыйынтыгын чыгаруу чечими кабыл алынды.