БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Өкмөт алдындагы жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Алик Мамыркулов дайындалганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы төраганы эмгек жамаатка вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев тааныштырды.
Мамыркулов буга чейин өкмөт аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектеген. Ал ЖАМК 2012-жылы да башкарганы белгилүү.
Мекеменин маалымат кызматы Sputnik агенттигине мурунку жетекчи Советбек Арбаев дүйшөмбү күнү кызматынан бошотулганын билдирди.