Жеңилдетилген насыя алууну каалаган компанияларга карата беш талап

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБанк кызматкери операциондук залда. Архив
Банк кызматкери операциондук залда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык-кыргыз өнүктүрүү фонду жылдык 12 үстөк пайызы менен насыя алууну каалаган компаниялар жооп бериши керек болгон критерийлерди жарыялады.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россиялык-кыргыз өнүктүрүү фонду жеңилдетилген насыя ала турган компаниялар үчүн талаптардын тизмесин жарыялады. Фонддун маалыматына ылайык, насыя 12 пайыздык үстөк төлөм шарты менен сом түрүндө чакан жана орто ишкердик менен алектенгендерге берилет. Насыяны толук кайтаруу мөөнөтү 5 жыл.

Кыргызстандын аймагында катталып жана өз ишин жүргүзүп жаткан ишканалар төмөнкү көрсөткүчтөргө жооп бериши керек:

 

  1. Өткөн жылдагы жүгүртүүдөн алган кирешеси 30 миллион сомдон ашпайт.
  2. Субъекттин уставдык капиталында мамлекеттин, коомдук жана диний уюмдардын, кайрымдуулук фонддорунун үлүштүк катышуусу 5 пайыздан ашпайт.
  3. Компанияда 300дөн ашык киши иштебеши керек.
  4. Чакан жана орто ишкердиктин субъекти болуп эсептелбеген бир же бир нече юридикалык тарапка тиешелүү уставдык капиталдын үлүштүк бөлүгү 20 пайыздан ашык болбошу керек.
  5. Компания банк менен анын чечимине таасир көрсөтө алгыдай тыгыз байланышта болбошу керек. 

 

Ошондой эле тамеки, спирт ичимдигин, курал-жарак, медициналык эмес баңги каражаттарын чыгаруу менен алектенген компания насыя ала албайт. Насыя балдардын эмгегин пайдаланган ишканалар үчүн да каралган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0