БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жаңы окуу жылынын башталышы менен "Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт" акциясы уланууда. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаарында 12-сентябрдан тарта ар бир ишембиде атактуу адамдар "Раритет" китеп дүкөнүндө бөбөктөргө китеп окуп берет.
Быйыл борбор калаадагы бул акцияны Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько 12-сентябрда баштап берет. Кийинки жомокту ырчы Анжелика Бекболиева, андан аркы аптада балдар жазуучусу Асек Казиев окуп берет.
"Максат – маданияттын жана көркөм өнөрдүн, спорттун жана саясаттын белгилүү ишмерлерин тартуу менен балдар үчүн жана балдар менен бирге китеп окууну жандандыруу", — деп билдиришти аталган фонддон.
Китеп окуу Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү 78 дарегинде жайгашкан "Раритет" китеп дүкөнүнүн залында өтөт. Акцияга кызыккан бардык каалоочулар акысыз кире алышарын фонддон кошумча кабарлашты.