БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. "Талма" жоопкерчилиги чектелген коому мамлекетке 3 миллион 94 миң сом салык төлөбөгөнүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Ыкчам-иликтөө иш чараларанын негизинде төлөнбөгөн карыз мамлекеттик бюджетке кайтарылган.
Буга чейин финансылык полиция тарабынан 17 миллион сом салык төлөбөгөн ишкананын бети ачылган болчу.