БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө салым кошкон айрым жарандарды "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйлады.
Маалыматка ылайык, аталган сыйлыкка Алымбек Коробаев, Төлөн Касаболотов, Игорь Воронцов, Адил Чекилов, Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Асема Токтобекова, Канат Кожомбердиев, Жылдызбүбү Салбаева, Аида Диканбаева, Айжан Жолдубаева, Бактыгүл Адышева, Татьяна Хомуло татышты.
"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов тапшырды.