БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Өкмөт "Күрмөнтү" кенин иштетүү укугу үчүн сынак жарыялаганын Мамлекеттик геология агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган кенди иштетүү укугунун наркы 1,5 миллион долларга бааланган. Конкурстук комиссиянын талабына ылайык, кыскача геологиялык маалымат пакет үчүн 143 миң сом төлөө каралган.
Сынакка катышууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрына чейин тийиштүү документтерди Геология агенттигине тапшырышы керек.