БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев сентябрь айына пландаштырылган Америка Кошмо Штаттарына сапарынан баш тартканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-сапар 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого байланыштуу ишке ашпай калды.
Президенттик аппарат маалымдагандай, аталган сапарды пландоо учурунда парламенттик шайлоону ноябрь айында өткөрүү каралып жаткан. Мөөнөтү так аныкталгандан кийин сапар жокко чыгарылды.
"Шайлоо — мамлекеттин жашоосундагы мааниси чоң окуя. Андыктан президент бул учурда Кыргызстанда болушум керек деп чечти", — деп айтылат билдирүүдө.
Атамбаевдин АКШга иш сапары сентябрдын аягына пландаштырылган. Өлкө башчы Америкада БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышмак.
Мамлекет башчысы 3-сентябрда Кытайда өтө турган Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышмакчы.