00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Профсоюз кызматкерлери "эмгек кулчулугу тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө жетишти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЦехте коюлган саат. Архив
Цехте коюлган саат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айында аталган мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирген профсоюз өкүлдөрүнүн митинги болуп өткөн. Алар мыйзам долбоорун чакыртып алууну же кайра карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү талап кылышкан.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү даярдоо боюнча түзүлгөн жумушчу топ бир пикирге келгенин социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунун директору Элдар Тажибаев билдирди.

Документке кол коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
18-июнь күнү шашылыш келишим түзүү, ашыкча иш саатынын төлөнүшүн алып салуу жана иш менен камсыз кылуучунун каалоосуна жараша жумуштан бошотуу каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга алынып чыккан. Июль айында аталган мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирген профсоюз өкүлдөрүнүн митинги болуп өткөн. Алар мыйзам долбоорун чакыртып алууну же кайра карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү талап кылышкан.

Бейшемби күнү Тажибаев мамлекеттик орган, бизнес коомчулугу жана профсоюз өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Учурда аталган топ эмгек кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн макулдашылган вариантын иштеп чыкты. 

Жаңы мыйзам долбоорунда шашылыш эмгек келишимин бир жылдан кем эмес мөөнөт менен жумушчу, жумуш берүүчү жана профсоюздук уюмдун макулдугу менен түзүү каралган. 

Кадрларды окутуу жана квалификацияны жогорулатуу боюнча жаңы мыйзам долбооруна ылайык профессионалдык даярдык, өндүрүш практикасы киргизилип, үзгүлтүксүз профессионалдык даярдык жана окутуу жаатында келишимдер түзүлөт. 

Улуттук валюта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эмгек акысы эң жогору болгон 10 кесип
Ал эми айлык акыны төлөтүп алуу боюнча доо арыздын мөөнөтүнө байланышкан маселе мыйзам долбоорунда жумушчунун укугу бузулгандыгы тууралуу билген же билиши керек болгон күндөн баштап үч жыл аралыгында төлөтүп алууга укук берүү аркылуу чечилген.

Макулдашылган долбоор Экономика министрлиги тарабынан толуктоо жана тийиштүү токтом кабыл алуу үчүн өкмөткө жиберилет. Андан соң мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0