00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда эмгек акысы эң жогору болгон 10 кесип

Жазылуу
Эң кирешелүү кесиптердин тизмесине бухгалтерлер, соода агенттери жана башкы ашпозчулар кирди.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги жумушка алуу боюнча жарыяларды талдап чыгып, Кыргызстанда эң кирешелүү кесиптердин тизмесин түздү.

Кесиптер жана эмгек акысы (сом менен):

 

  • программисттер 30—120 миң;
  • финансисттер 30—90 миң;
  • бухгалтерлер 25—80 миң;
  • кыймылсыз мүлк тармагындагы адистер 21—91,5 миң;
  • башкы менеджерлер (директорлор, жетекчилер) 50—85 миң;
  • башкы ашпозчулар 40—75 миң;
  • сатуу боюнча менеджерлер 18—60 миң;
  • түрдүү багыттагы инженерлер 25—50 миң;
  • долбоор менеджерлери 20—45 миң;
  • маркетологдор 18—50 миң.

 

КРдин Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2015-жылдын январынан май айына чейин кыргызстандыктардын орто айлык маянасы 12 миң 247 сомду түздү. Бул былтыркыга караганда 7,5 пайыз жогору.

Психолог: сологойлорду эч качан оң кол менен кармоого мажбурлабаш керек
Статистикалык комитеттин версиясы боюнча, бизде эң жогорку эмгек акы каржы чөйрөсүндөгү адистерге сунушталат. Алардын орточо айлыгы 28 миң 514 сом.

Экинчи орунда программисттер турат. Ведомствонун маалыматына караганда, IT-кызматкерлери орто эсеп менен айына 24 миң 718 сом таба алат. 

Үчүнчү орунду болсо жылуулук, газ, буу жылуулугу жана электр менен камсыздоо жаатында иштеген жумушчулар ээлейт. Алардын орточо айлык акысы 21 миң 100 сом.

Ата мекендик эмгек рыногунда мындай жылыштар тууралуу Sputnik агенттигине Кыргызстандын иш берүүчүлөрүнүн улуттук конфедерациясынын башкы катчысы Элмира Дунганаева айтып берди.

"Программисттер менен маркетологдордун эмгек акысы жогору, себеби бул тармактын адистери Кыргызстанда алтынга барабар. Ишкердик рыногунун өсүшү менен СССР мезгилинде суроо-талапка ээ болуп келген механик, биолог, инженер сыяктуу кесиптердин ордуна сабаттуу каржы кызматкерлери көбүрөөк керек болуп жатат. Ошондуктан компаниялар жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) статусун алары менен жогорку квалификациялуу бухгалтерлерге муктаж болушат", — дейт эксперт.

Ал ЕАЭБге кошулуу өлкөнүн эмгек рыногунда абалды курчутуп, баалуу кадрлардын жетишсиздигин жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.

"ЕАЭБге кирүү менен экономика, IT жана техника жаатындагы адистер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Кыргызстандан алган 25 миң сом маянасы аларды бул жакта кармап кала албайт. Себеби, Россияда же Казакстанда ошол эле эмгеги үчүн андан эки-үч эсе көп акча табуу мүмкүнчүлүгү бар", — дейт Дунганаева. 

КРдин Улутттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын башынан бери орточо айлык акы олуттуу жогорулап бара жатканы байкалат. Курулушта ал 18,4%, административдик-көмөкчү иште 17,8% жана кыймылсыз мүлк тармагындагы иште 20,2%га жогорулаган.


Жаңылыктар түрмөгү
0