БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, дарыялар, көлдөрдүн ташып кетүү кооптуулугунун алдын алуу иштерин сурады.
Кеп Чүйдүн Аламүдүн, Ала-Арча, Сокулук дарыялары, ошондой эле Баткендин Кадамжай районундагы Сох дарыялары жараткан кооптуулук туурасында жүрдү.
Боронов бийик тоолордо жайгашкан көлдөргө аэровизуалдык кароо жүргүзүлгөндүгүн, натыйжада, тоо көлдөрүнүн калыбы туруктуу, учурда суунун нугунан чыгуу коркунучу жок экендиги аныкталгандыгын айтты.
Атамбаев ӨКМ жергиликтүү бийлик жана тургундар менен биргеликте өзөнгө жанаша жайгашкан аймактардын сел алуусун алдын алуу максатында суу жээктерин бекемдөө иштерин ыкчам жана дыкаттык менен аткаруу керектигин белгиледи.
Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу бар аймактарда жашаган тургундар да түрдүү кесепеттердин алдын алууга даяр болушу керектигин эскертти.