БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. "Мерседес" үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы айдоочусу Бишкек шаарынын Дэн-Сяопин көчөсүндө жолдон чуркап өтүп бара жаткан 10 жашар баланы тебелеп кеткенин ИИМ маалымат кызматы билдирет.
Жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда саат 22.35 те аталган көчө менен Пишпек көчөсүнүн кесилишинде болгон. Алган жараттарынан улам бала ошол жерде каза болгон.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери айдоочуну текшерип, анын соо экенин аныкташкан. Учурда иликтөө иштерин Бишкек ШИИБ жол кырсыктарды боюнча тергөө бөлүмү жүргүзүп жатат.