БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "КР музейлери жана музей фонду жөнүндө" мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам долбоору КР музей иши жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзамдын кабыл алынышы музей жана музей фондунун түзүлүшү жана иштеши менен байланышкан коомдук мамилелерин толук жана ар тараптуу жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.
Аталган мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.