БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Милиция кызматкерлери Ысык-Көл облсунунун жашоочусунан 31 килограмм марихуана табышканын облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.
"Мак 2015" операциясынын алкагында Темир айылдык милиция бөлүмү бир катар иш-чараларды өткөргөн. Алдын ала маалымат боюнча аталган айылдын 21 жаштагы тургунунун үйүн тинтүүдө 31 килограмм баңгизат табылган.
Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.