БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Пакистан менен Индияны Шанхай кызматташтык уюмуна кабыл алуу чечими оң болсо, анда ШКУ кучагына үч миллиарддай адамды кучагына алган дүйнөдөгү эң ири уюмга айланат деп эсептейт "Далил плюс" эксперттик клубунун серепчиси Марс Сариев.
ШКУнун саммитинде уюмдун кеңейтүү башталганы жарыяланары күтүлүп жатат. Мурдараак Пакистан менен Индия ШКУга кирүү жөнүндө расмий каалоолорун билдиришкен.
Уюмга Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Байкоочулук статуска Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Афганистан ээ.
Сариев белгилегендей, эң кубаттуу жана өнүгүп келе жаткан уюм катары ШКУ Индиянын да, Пакистандын да кызыгуусун жаратат.
"Азыр бул уюмга теңдеш башка уюм жок. Жана, албетте, Индия менен Пакистан Индостан жарым аралындагы чыңалган абалды жоюу үчүн ШКУнун алкагында колдоо табуу үмүтүндө", — дейт серепчи.
Индиянын ШКУга киришине Россия да кызыгат, себеби бул уюмдун Кытай үстөмдүк кылышы мүмкүн болгон ички мамилелеринде тең салмактуулуктун түзүлүшүнө шарт болот.
"Бирок мунун терс жактары да бар. Пакистан менен Индиянын ортосундагы карама-каршылыктардын себебинен бул өлкөлөрдүн кириши ШКУда чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун татаалдатат", — деди эксперт.
Дагы эске ала турган нерсе, Индия Американы жактоочулук жактарына ээ болуп туруп, Борбордук Азифга кирип келүү аракетин жасап жатат. Ал энергия алып жүрүүчөлүргө кызыгат, жана экономикалык жактан Кытайга теңеле албаса да, Индостан жарым аралында аны менен атаандашканга далалат кылат. Ошентип, Батыш Борбордук Азияда кызыкчылыктар кагышкан аймакты жаратышы мүмкүн деп чечмеледи Сариев.
"Пакистан болсо, тескерисинче, Кытай менен экономикалык жактан кызматташат. Мисалы, Исламабад Кытайдын мамлекеттик компаниясынын башкаруусуна суу астындагы Гвадар портун өткөрүп берген", — дейт серепчи.
Кытай үчүн бул кенен экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет, бирок мындай факт расмий Делинин тынчын алат. Индиянын аскер кызматкерлерин болсо Индиянын башынан берки касташы Пакистандын жардамы менен Пекин Батышка каршы туруу үчүн өзүнүн аймактагы таасирин күчөтүү аракетин жасашы тынчсыздандырат.
"Мындан тышкары, Кытайдын сырттан көрсөткөн колдоосу Исламабадды "ойлонулбаган кадамдарга" түртүшү ыктымал. Бул жерде чатактын чоң түрмөгү жатат жана ШКУ аларды чечүүчү аянтча болот", — деп эсептейт серепчи.
Бирок өлкөлөрдүн өз ара мамилелери кандай болбосун, алардын географиялык жайгашуусу интеграциялык процесстерди колдоого милдеттендирерин белгилейт эксперт.
ШКУга мүчө болууну Иран да каалайт. Бирок ядролук программа боюнча азырынча чечиле элек маселеси бул өлкөнүн аталган күчтүү уюмга кошулушун кыйындатат деп эсептейт Сариев.
"Мүмкүн, Уфада өтүп жаткан ШКУнун саммитинде Иранды кабыл алуу да сунушталар, бирок буга мен анча ишенбейм. Менимче, дал ушул себептен Хасан Роухани Башкыртстанга анча каалабай эле бара жатат, себеби бул маселени талкуулоого Пекин менен Москва даяр эместигин сезип турат да", — дейт серепчи.
"Алтылык" Индиянын жана Пакистандын кошулушу менен "сегиздикке" айланышы — көп тараптуу дүйнөлүк түзүлүшкө карай дагы бир кадам экенин, бирок ШКУ менен катар дагы бир олуттуу уюм БРИКС пайда болгонун баса белгилейт эксперт.
"Бул эки дүйнөлүк бирикмелердин саммиттери бир жерде катар өтүп жатышы жышааналуу көрүнүш, бул, албетте, аларга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин өз ара мамилелерине таасир берет", — деди серепчи.
Ошентип, жалпы Батыш өз ара мамилелердин көп жактуу болушуна умтулуучу дагы бир уюмга ээ болот деп сөзүн аяктады Сариев.