БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Мекеме аралык комиссия Тереккан, Перевальное жана Терек алтын-сурма кендерин иштетүү укугуна ээ болуу үчүн өткөрүлө турган сынактын иш тартибин бекиткенин Геология агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, аталган маселе боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Ал эки айдын аралыгында сынак өткөрүүнүн шарт-талабын, тартибин жана жеңүүчүнү аныктай турган критерийлерди иштеп чыгышы керек.