БИШКЕК, 22–июнь — Sputnik. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи кезектеги бүтүрүүчүлөрүн чыгарганын аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
Быйыл окуу жайды 63 бүтүрүүчү аяктады. Кече үч жыл бою ушул жерде окуп-жашаган окуучулардын салтанаттуу маршы менен коштолду.
Майрамдык иш-чарага Дайыр Асановдун жубайы Жамалбүбү апа, Республикалык жоокерлер энелеринин коомдук бирикмесинин, Баткен согушунун ардагерлер коомунун өкүлдөрү жана мурунку бүтүрүүчүлөр катышты.
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү Россия, Казакстан, Түркия, Германия, Индия, АКШ жана Азербайжан өлкөлөрүнүн жогорку аскер окуу жайларында билимин уланта алышат.