Чарлстондогу ок атуу: жек көрүүнүн негизинде массалык киши өлтүрүү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПистолет кармаган киши. Архивное фото
Пистолет кармаган киши. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак түстөгү белгисиз адам АКШнын түштүгүндөгү негизинен кара түстүүлөр баруучу эң эски чиркөөлөрдүн биринде ок аткан. Натыйжада тогуз адам каза таап, кылмышкерди болсо азырынча кармаша элек.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Американын Түштүк Каролина штатындагы Чарлстон шаарында бир ак адам ок аткандыгынын натыйжасында тогуз адам каза болгону жөнүндө РИА Новости шаар полициясынын билдирүүсүнө таянуу менен кабарлайт.

Белгисиз адам шаар борборунун Калхун көчөсүндө орун алган Африкалык методисттик епископтук чиркөөгө келгендерге ок атып, окуя болгон жерден сегиз адам каза тапкан. Дагы экөө ооруканага жеткирилип, алардын бири кийинчерээк көз жумган. 

Кылмыштын себептери

Укук коргоо органдары Чарлстондогу массалык киши өлтүрүүгө жек көрүүчүлүк себеп болду деп эсептей турганын шаардын полиция башчысы Грегори Маллен билдирген. Бирок ал мындай жек көрүүчүлүк улуттук же диний мүнөзгө ээ экендигин тактаган эмес. Аталган чиркөөгө негизинен афро-америкалыктар барат.

Жогорку даражалуу саясатчынын өлүмү

Түштүк Каролина штатынын сенатына мүчө жана ошол чиркөөнүн башчысы Клемент Пинкни ок атуу учурунда каза болгонун полиция ырастайт. 

Террористтик коркунуч ырасталган жок

Окуя болгон жерге полиция келер замат, укук коргоо органдары ок атылган жерден бомба изделип жатканын билдиришкен. Полиция жакын жашаган тургундардын үйлөрүнөн, имараттардан чыгып кетүүнү суранган. Окуя болгон жерге жакын жайгашкан бир катар көчөлөр жабылган. Шаардын полиция башчысы Грегори Маллен маалымат жыйынында билдиргендей, издөө учурунда жардыруучу каражаттар табылган эмес.

Полиция кылмышкерди издөөдө

Полиция башчысы кылмышты жасаган деген шек менен 20 жаштардагы ак түстүү киши изделип жатканын ырастады. Тартип кызматы билдиргендей, издөө иштерине "бир катар федералдык кызматтардын" өкүлдөрү катышууда. "Полиция Калхут көчөсүндөгү ок аткандык үчүн шектелүүчүнү дагы эле издеп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоо органдары шаар тургандарына "кылмышкер өтө коркунучтуу" экендигин эскертип, анын кайда экенин билгендер болсо, полицияга кабарлоону суранды. 

Чоң саясат жана ок атуу

АКШнын президенттигине алдыңкы талапкерлер Хиллари Клинтон менен Жеб Буштун Чарлстонго баруу пландары ал жакта болгон ок атууга бир аз гана туура келбей калган. Бул жөнүндө алардын шайлоо алдындагы штаттарды кыдыруу боюнча расписаниелери күбө болот. Демократиялык партиядан талапкерлерин жаткан Клинтон Түштүк Каролинада шаршембиде өткөн шайлоо алдындагы иш-чараларга катышып, Чарлстондо да болгон. Ал шаардан окуя болордон бир гана убакыт мурун чыгып кеткен. Жеб Буш болсо Чарлстондо шайлоо алдындагы жолугушууну бейшембиде өткөрүүнү пландап жаткан. Ок атуу жөнүндө маалыматтан кийин иш-чара кийинкиге жылдырылды.

АКШда чиркөөдө ок атуулар мурда да болгон. Үстүдөгү жылдын Нью-Йорктун чиркөөлөрүнүн биринде аза күтүү учурунда болуп, натыйжада эки адам каза болгон. Дагы төртөө ар кандай жаракат алган. 2014-жылы 5-декабрда Флорида штатынын Брейдентон шаарындагы чиркөөлөрдүн биринде кылмышкер ок чыгарып, натыйжада бир адам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0