Ысык-Көлдүн чыгышында жарым метр кар жаап, 150 кой, 15 топоз өлдү

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүКар тазалоо иштери. Архив
Кар тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Суу районунда жааган кар малчыларга оорчулук жаратып, 160тан ашык мал кырылды.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жарым метр кар жаап, 150 кой, 15 топоз өлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Чаткал районунда сел жүрүп, ага-инилердин 781 коюн агызып кетти
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун Эңилчек аймагындагы жайлоого 11-12-июнда калыңдыгы 50-60 сантиметрге жеткен кар жаап, суук болгонуна байланыштуу 13-июнда 150 баш кой, эки уй жана 15 топоз өлгөн. 

Андан сырткары, жайлоого баруучу жолдогу Сары-Жаз  суусу көтөрүлүп, көпүрө бузула баштаган. Көпүрөнү оңдоого 30-40 даана габион тору жана күйүүчү май керектелет. 

Жеринде райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0