Мирбек Ильязов, "ЭКОаудит" компаниясынын башкы адиси, Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Ысык-Көл эс алуучулардын көбөйүшүнө даяр эместигин ырастады.
— Ысык-Көлдүн тургундары Boeing жана Airbus учактарын кабыл алуу үчүн аэропорттун ачылышы жөнүндө маалыматты кубануу менен кабыл алышты. Бирок баары жылма эмес демекчи, сиз кандай көйгөйлөр бар дейсиз?
Өткөн эс алуу мезгилинде сарык оорусу чыккан, бул жөнүндө ачык айтылган эмес, бирок борбор шаардын жугуштуу ооруларды дарылоочу ооруканасы дал ошол Ысык-Көлдөн келгендерге толуп кеткен. Бул сууну тазалоо системасы жана табият өзү алы келбей калды дегенди билдирет. Оорунун козгоочусу тазалоочу жабдуулар аркылуу же алардан сырткары көлдүн суусуна ушунчалык көп санда жеткендиктен, аны жоюуга көлдүн күчү келген эмес.
— Анда Ысык-Көл канча эс алуучуну кабыл алат?
— Эң башкысы, бул көрсөткүчтөрдү эч ким Ысык-Көл үчүн эсептеген да эмес, бекиткен да эмес. Бирок, мисалы, эс алуу күч албай турган мезгилде Чолпон-Атада 17-18 миңдей киши жашаса, жайкысын бир эле убакта 70 миңден ашык эс алуучу келет. Ал эми Ысык-Көл өзү жайкысын ар кандай баалоолор боюнча 1,5 миллионго чейинки адамды кабыл алат. Жана, ачыгын айтыш керек, шаар-айылдардын, көпчүлүк эс алуу жайларынын инфраструктуралары буга такыр даяр эмес.
— Даяр эместик эмнеден көрүнөт?
— Мурда биздин суу баарынан таза дешер эле…
— Биз Ысык-Көлдүн суусун абдан таза дейбиз. Кимдир бирөө ага бул көрсөткүч боюнча Тахо жана Байкал көлдөрүнөн кийинки үчүнчү орунду берген, бирок бул салыштыруулар эчак эле жүргүзүлгөн. Азыр болсо биз биринчи он көлдүн ичине да кирбейбиз деп корком.
Ысык-Көл ультраолиготрофтук көлдөргө кирет, башкача айтканда, биомассасы аз, бирок кычкылтеги көп суу болуп эсептелет. Планктондордун жана башка биомассанын аз болушунан суу тунук келип, бирок өзүн өзү тазалоо жөндөмү аз болот. Көл ойдуңунун орографиясы туюк экендигин жана көлдөн бир да суу агып чыкпай турганын эске алсак, кайра иштетүү процессинде көл өзүнө гана ишене алат. Жана буга алы жетиши үчүн ал өзүнүн биомассасын көбөйтүп өстүрүшү керек, башкача айтканда суу тунуктугун жоготот.
Көлмөлөрдүн экологиялык абалын аныктоонун төрт негизги ыкмасы белгилүү:
- балырлардын өсүшүнө таасир берүүчү биогендүү элементтердин (азоттун жана фосфордун) болушу;
- суунун тереңирээк жеринде жана түбүндө жашоочу индикатордук организмдер боюнча;
- микроскоптук балырлардын (фитопланктондун) өнүгүшүнүн сандык көрсөткүчтөрү — саны, биомассасы, хлорофиллдин концентрациясы, фотосинтездин тездиги ж.б. боюнча;
- көз менен карагандагы сапаттык көрсөткүчтөрү – тунуктугу, түсү, жыты ж.б. боюнча.
Жана көлдүн бардык өзгөрүүлөрү толугу менен антропогендүү, б.а. анын баарына адам гана күнөөлүү. Негизги себеби коммуналдык агындыларга байланышкан. Адистер фито-, зоопланктондун, жээкке жакынкы фитоценоздордун курамы өзгөрүп жатканын байкашууда. Гидрохимиялык, негизинен кычкылтектүү абалы өзгөрөт, балыктын саны азайды. Биринчисин адистер гана көрө алса, эндемикалык балыктын жоголушу баарына көрүнүп турат. Булганычтын башкы булагы — калк отурукташкан жайлар менен айыл-чарба жерлери.
— Демек, көл "оорулуу" экен да, жана эс алуучулардын агымы адалды начарлатып гана жиберет турбайбы?
— Азыр табигый ресурстарды пайдалануунун жалпы көрүнүшүн бир гана сөз аркылуу — жырткычтык менен пайдалангандык деп атоого болот. Бул канча жүк көтөрө аларын эсепке албай эле жүк сала берген кемедей. Ал акыр-аягы көңтөрүлүп кетет эмеспи. Ысык-Көл жөнүндө айтсак: суу "гүлдөп" кетсе, ошол анык катастрофа болот. Ошондуктан жаңы эс алуучуларга үмүт кылардан мурун, көлдөн сураш керек, б.а. анын алы жетер-жетпесин эсептеп чыгыш керек.