БИШКЕК, 29-апр — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арызына президент Алмазбек Атамбаев бир нече күндөн кийин, 27-апрелде кол койгон.
Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов кезегинде ЖКнын Эл өкүлдөр палатасынын, кийин (2005 — жылы) ЖКнын бир палаталуу парламентинин депутаты болгон.