БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан кеткен Икрамжан Илмиянов КСДП партиясынын шайлоо алдындагы штабын жетектеши мүмкүндүгүн саясат таануучу, журналист Турат Акимов Sputnik сайтына билдирди.
Илмиянов акыркы убактарда анын дарегине айтылган курулай каралоолорго жакшы эле чыдап келгенин, бирок акыркы убакта ага чыдаш кыйын болуп калгандыктан, отставкага кетүү жөнүндө жазган арызын президенттин маалымат кызматы таратты.
Акимовдун айтымында, президент менен Илмияновду көптөн берки достугу байланыштырат. Андыктан аны Атамбаев КСДПнын парламенттик шайлоо алдындагы штабын жетектөөнү тапшырышы мүмкүн.