00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Байзаков кылмыштуу топтун кечээ өлтүрүлгөн мүчөсү Сапарбековдун өлүм себебин болжолдоду

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүАбактын кайтаруу бөлүмү. Архив
Абактын кайтаруу бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байзаков криминалдык топтордун өз ара чатакташуусу мүмкүндүгүн жокко чыгарып, Сапарбековдун өлтүрүлүшү апрель айынын ортосунда боштондукка чыккан "Карышкыр" лакап аты менен белгилүү Мурсалым Умырзаковго байланыштуу эместигин белгиледи.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Дамир Сапарбековду №1 убактылуу кармоо жайында жасаган "чеги жок" өзүм билемдигинен улам өлтүрүп кетишкенин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Шейшенбек Байзаков Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

Тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү өлтүрүлдү
27-апрелде болжол менен 23:30дар чамасында шаардык ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына "Жал" кичи районунда атышуу болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Милициянын маалыматына ылайык, окуя болгон жерден ок атылганы аныкталган. Сапарбеков оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилип, ал жактан каза болгон. Кол салгандардын бирөө кармалган. Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Байзаков криминалдык топтордун өз ара чатакташуусу мүмкүн деген версияны жокко чыгарып, Сапарбековдун өлтүрлүшү апрель айынын ортосунда боштондукка чыккан "Карышкыр" лакап аты менен белгилүү Мурсалым Умырзаковго байланыштуу эместигин белгиледи. 

"Аны убактылуу кармоо жайында отурганда жасаган чектен ашкан иштери үчүн өлтүрүштү", — дейт Байзаков. 

Экс-жетекчисинин айтымында, №1 убактылуу кармоо жайынын "смотрящийи" болгон Сапарбеков камактагылардын жумасына 1000 сомдон чогултуп, криминалдык дүйнөнү "тойгузуп" турган.

"Сегизден киши отурган камералар бар. Бир айда канча сумма чогуларын элестетип көргүлө. Кезегинде мен бул аракеттерге бөгөт койгом", — деди ал.

Байзаков №1 убактылуу кармоо жайына камакка алынган Айдарбек Шамурзаевдин өлтүрүлүшү боюнча айтып, ал 2011-жылдары өлкөнүн түштүгүндө криминалдык авторитет болгон белгиледи.

Анын айтымында, Сапарбеков анын өлтүрүлүшүн уюштурган. 

"Шамурзаев спортчу болчу, баңгизатын колдончу эмес, бирок анын денесинен ачканда героинден ууланганы аныкталган. Буга Сапарбековдун тиешеси бар экенин далилденип, анын жаза өтөө мөөнөтү узартылган. Бирок, кийин бул иш кайтадан каралып, ал акталган", — деди ал. 

Шамурзаевди өлтүргөн Сапарбековду №50 убактылуу кармоо жайына которбуз дегенде 2012-жылдын 16-январында №1 убактылуу кармоо жайында камакка алынгандар нааразычылык уюштурган. Нааразычылыгын билдирип, ооздорун тигип, күрөө тамырларын кескен камактагыларды атайын даярдыктагы аскерлердин жардамы менен тынчытышкан. Кийин баары бир Сапарбековду түрмө режими менен убактылуу кармоо жайына которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0