Дем алыш күнү аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаашы күтүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековДем алыш күнү аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаашы күтүлүүдө
Дем алыш күнү аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаашы күтүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетип, тоолуу аймактарда күн —7 градуска чейин суук болот.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөгөн жаан жаап, тоолуу аймактарда күн —7 градуска чейин суук боло турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

26-27-апрель күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы кескин төмөндөп, жаан жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда күн —2…-7 градус суук болушу мүмкүн.

Андан сырткары, республиканын аймагында ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жеткен шамал болот.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0