БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын премьер-министри болуп калышы ыктымал деди юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов шейшемби күнү Бишкекте өткөн "Конституциянын алсыздыгы — жарандардын алсыздыгы" деп аталган тегерек столдун жүрүшүндө.
Иш-чаранын катышуучулары өлкөнүн Баш мыйзамын кезектеги өзгөртүү даярдалып жатат деген ойлорун билдиришти. Референдум парламенттик шайлоолор менен бир күндө — 2015-жылдын 4-октябрында өтүшү мүмкүн.
"Бул премьер-министрдин абалын күчтөндүрүү үчүн жакшы мүмкүндүк. Атамбаев президенттигин тапшырар замат дароо премьер-министр болуп, президенттин ордун башка ээлейт. Анан алар орундарын аламашып алса болот", — деген оюн айтты Токтакунов.
Ушундай эле пикирди дагы бир эксперт, тегерек столго катышкан журналист Нарын Айып да колдойт.
"Атамбаев премьер болуп, республиканы чексиз мөөнөткө башкара алат", — деп эсептейт Айып.
Токтакуновдун көз карашында азыркы Конституциянын өзгөртүүгө болбойт, себеби "ал баш аламандык өлкөнү ээлеп турган шартта жаралышы анын жакшы таразаланып түзүлгөнүн күбөлөйт". Ал кезде ким тизгинди колго алып, кимиси четке чыгып калары түшүнүксүз болчу деп эсептейт ал.
Азыркы Конституция сегизинчиси болуп эсептелет, жана акыркысы беш жыл мурун кабыл алынган соң, ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө он жылга мораторий салынганына карабай, оңдоп-түзөө зарылчылыгы туурасында кеп-талаштар баары бир токтобой келет.