Атамбаев Венада баңги заттардын ташылышына бөгөт коюу маселесин талкуулады

© Пресс-служба президента КРАлмазбек Атамбаев Юрий Федотов менен.
Алмазбек Атамбаев Юрий Федотов менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Вена шаарында БУУнун башкы башкармалыгында болуп, баңги заттардын ташылышы жага ага байланыштуу орчундуу маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Вена шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугуп, баңги заттардын ташылышы жана ага байланыштуу болгон орчундуу маселелерди талкуулады. 

Жолугушуу Атамбаевдин Австрияга жасаган расмий сапарынын алкагында болду. 

Федотов БУУнун бул башкы башкармалыгы мындан аркы майнаптуу кызматташууларга даяр экендигин билдирди.

"Биз эки тараптын кызматташууну мындан да натыйжалуу кылып, анын жыйынтыгын жакшыртуу максатындагы талкууга даярбыз. Сиз БУУнун төрт башкы кеңселеринин бирине келдиңиз. Биз Сиздин көңүл бурганыңызды, биздин программаларыбызга Кыргызстанда колдоо көрсөткөндүгүңүздү жогору баалайбыз жана мындан ары да чогуу иш алып барууга даярбыз", — деди Юрий Федотов.

Алмазбек Атамбаев БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан конкреттүү программаларга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы баңги заттар трафигине жана кылмыштуулукка каршы күрөш өкмөттүн күн тартибинде эң маанилүү маселелердин катарында турат деп белгиледи. 

Мл мамлекет БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен мында ары да активдүү биргелешкен иш алып бараарына ишенимин билдирди. 

"Кыргызстанда көптөгөн алдын алуу иштерин талап кылган баңги заттар трафигине, баңги заттар кылмышына байланыштуу орчундуу маселелер бар. Мен бүгүнкү жолугушуубузга, биргелешкен иштерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө кубанычтуумун", — деди Алмазбек Атамбаев.

Учурда КР президенти Алмазбек Атамбаев Европанын алдыңкы мамлекеттери – Австрия, Швейцария, Бельгия, Франция жана Германияга расмий иш сапары менен жүрөт. 

Мамлекет башчысы алгач, Вена шаарында Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0