Атамбаев менен Путин ЕАЭБдин алкагында кызматташууну талкуулашты

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен ЕАЭБдин алкагында эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуусун талкуулашты.

Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-орус алакасынын актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну талкуулашты. 

Россия, Беларусь жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. 2-январда ЕАЭБге Армения да кошулган. Май айында Кыргызстандын да кошулушу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0