БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев акыркы кездерде кээ бир ЖМКларда РФ президенти Владимир Путиндин саламаттыгы тууралуу жазылган маалыматтар суу кечпей тургандыгын жана Путин өзүн жакшы сезип жаткандыгын билдирди.
"Азыр эле Владимир Владимирович өзү автоунаа айдап алып, аянтты кыдыртып чыкты", — деп айтты Атамбаев Путин менен жолукканда.
Кыргызстандын президенти өзү тууралуу көп айың кептерди уга тургандыгын жана бул туура эмес көрүнүш экендигин белгиледи.
"Россиянын президенти жөн эле басып жүрмөк тургай, меймандарды автоунаага салып жүрөт", — деди Кыргызстандын президенти.