Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу башталды

© Пресс-служба президента КРВ городе Санкт-Петербург проходит встреча Президента Алмазбека Атамбаева и Президента Владимира Путина
В городе Санкт-Петербург проходит встреча Президента Алмазбека Атамбаева и Президента Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-орус алакасынын актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну талкуулашат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу башталганын журналист Дмитрий Смирнов өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди.

Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-орус алакасынын актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну талкуулашат.

Россия, Беларусь жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. 2-январда ЕАЭБге Армения да кошулган. Май айында Кыргызстандын да кошулушу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0