Санкт-Петербургда Атамбаев менен Путин ЕАЭБге кирүүнү жана кызматташууну талкуулашат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербургда Атамбаев менен Путин ЕАЭБге кирүүнү жана кызматташууну талкуулашат
Санкт-Петербургда Атамбаев менен Путин ЕАЭБге кирүүнү жана кызматташууну талкуулашат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Россия башчылары Невадагы шаарда эки тараптуу кызматташуу жана ЕАЭБге кирүү маселесин талкуулашат.

БИШКЕК, 14-мар — Sputnik. Кыргызстандын президенти дүйшөмбүдө, 16-мартта, РФ президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербургда жолугат деп билдирди Кремлден.

"Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө мындан аркы кыргыз-орус кызматташуусу, анын ичинде соода-инвестициялык жана маданий-гуманитардык, энергетика тармагындагы мамилелерди бекемдөө талкууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары эки өлкөнүн ЕАЭБдин алкагындагы өз ара кызматташуусу боюнча пикир алышуулар жүрөт деп айтылат таратылган маалыматта.

Жаңылыктар түрмөгү
0