БИШКЕК, 13-мар — Sputnik. XVIII-XX кылымдардагы кыргыз-россиялык мамилелер февралдын аягында Кыргызстан менен Россиянын окумуштууларынын, эксперттеринин, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн эл аралык тегерек столдун темасы болгон.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин социалдык укук билиминин тарыхы институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Назира Курбанова Sputnik кабарчысынын бул тууралуу суроолоруна жооп берди.
— Силердин институтта өткөн окумуштуу тарыхчылардын жолугушуусунун максаты эмнеде эле?
Глобалдашуу шартында улутчулдук, ксенофобия, ал тургай, фашисттик маанайлар өсүп бара жатканы байкалат. Ошондуктан, тарых идеологиялык илим экендигин эске алып, маалыматтык согуш шартында өткөндө болгон тарыхый фактыларды жана алардын чечмеленишин туура жеткирүүнүн мааниси зор.
— Тарыхты окутуу идеологиялык курал деп эсептейсизби?
— Тарых курал эмес, бирок идеологиялык майдандын бир бөлүгү экени шексиз. Себеби, тарыхтын негизинде толеранттуулукка жана түшүнүүчүлүккө тарбиялоого болот. Бирок, сабакты окутуу аркылуу жек көрүүчүлүккө, фашизмге жана ксенофобияга да тарбияласа болот.
— КРде билимдин мындай багыт алуусуна жол бербеш үчүн эмне кылуу керек?
— Тарыхты окутууда сөзсүз анын максаты, концепциясы жана методологиясы болушу керек. Украинада тарых сабагын окутууну талдоодо кайсы бир материал берилүүчү таптакыр башка ыкмалар менен жүргүзүлгөнү аныкталды. Ошол эле учуда ар бир окуучу өз тыянагын чыгарган. Көз карашы калыптанала элек жана көп нерселер жөнүндө түшүнүгү жок балага сабакты мындай берүүгө эч болбойт.
Мисалы, Кыргызстандын Россияга кошулуу маселесин ар кандай караса болот. Бул баскынчылык болгонбу же ыктыярдуулук менен кошулуубу, биздин көздөгөн максатыбызга жараша мүнөздөй алабыз. Бүгүн биздин максат интеграция болгондуктан, биз муну оң жагынан карап, достук мамилелерине таянуу менен тарыхты окутушубуз керек. Советтер Союзунун курамында КР экономикалык, маданий ж.б. көп өсүштөргө жеткени анык да.
— ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда билим берүү концепциялары кандайча түзүлөт?
— Тарыхта пайда болуучу талаштуу суроолорду чечиш үчүн ошол багытта эл аралык долбоорлорду түзүү зарыл деген ишеничтемин. Материалды терең иликтөөчү адистер биргелешип концепцияларды иштеп чыгып жана окуу материалдарын жазышы керек. Алар объективдүү болушу үчүн биргелешкен долбоорлор зарыл, себеби ал бир мамлекеттин чегинде жасалса, албетте, ал күлдү өз көмөчүнө тартат деген коркунуч бар.
— КРдин мектептери менен жогорку окуу жайларында сабактар кыскартылып жатат. Дүйнөлүк жана биздин тарыхты окутуу сабактарынын кыскарышына кандай комментарий бересиз?
— Азыр мектепте тарых жаңы концепция боюнча окутулуп жатат. Анда интегративдүү курстарды түзүү каралган. Коом таануу, гуманитардык сабактардын алкагында тарых, коом таануу, жарандык таануу жана экономика окутулат.
Бирок бул бир жагынан аргасыз чара. Себеби мектеп окуучуларынын сабактары өтө көп. Кыязы, маалымат агымы чоң болгон шартта ушундай кылуу керек.
Ошентсе да, тарыхчы катары тарых сабагынын сааттары көбөйтүлсө дейм. Себеби, бул сабак социалдык милдетти аткарат. Ушул сабак боюнча бүгүн мамлекет социалдык тапшырым жасайт, жана бул өтө маанилүү жана зарыл нерсе. Албетте, балдар тарыхты эле эмес, башка сабактарды окушу керектигин түшүнөм, ошон үчүн сааттарды кыскартуу акылга сыярлык чекте болушу зарыл.