Эксперт: КРдин тарыхын Россия менен СССРдин тарыхысыз окутууга болбойт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүИтоговое сочинение в российских школах
Итоговое сочинение в российских школах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин билим берүү башкармалыгынын адиси Чынара Бактыгулова тарых сабагы боюнча сааттардын кыскарышы ата мекендин Россия жана Советтер Союзу менен тыгыз байланышкан тарыхын толук окутууга мүмкүндүк бербейт деп эсептейт.

БИШКЕК, 24-фев — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Чынара Бактыгулова Sputnik кабарчысынын мектепте тарых сабагынын саатынын кыскаруусу жөнүндө суроолоруна жооп берди.

— Тарых боюнча сааттын кыскарышы мектепте бул сабакты окутуунун сапатына кандай таасир кылат?

Сабактардын саатынын азайышы билим деңгээлин төмөндөтөт деп эсептейт эксперт
— Советтик стандарт боюнча бизде мектептерде тарых сабагы жумасына беш жолу берилчү. Ал убакыт дүйнөлүк тарыхты окутууга кете турган, ал эми биринчи жолу кыскартуудан кийин Кыргызстандын жана дүйнөлүк тарыхты окутууга жумасына эки сааттан калган. Кийинчерээк КРдин тарыхы боюнча сабак дагы бир саатка кыскарды. 

Он эки жыл мурун дүйнөлүк тарых сабагынын да бир сааты кыскарып, ал убакыт "Этика" сабагына берилген болчу. 

Натыйжада азыр дүйнөлүк тарыхты жана биздин өлкөнүн тарыхын окутууга бизде жумасына бир сааттан гана бар. Бирок Кыргызстандын тарыхын биз дүйнөлүк тарых менен тыгыз байланышта октушубуз керек.

Мисалы, азыр балдар РСДРПнын 2-съезди жөнүндө эч нерсе билбейт, аны болсо биз убагында абдан кылдат окуганбыз, анда кыргызстандыктар да катышкан болчу да. Бүгүнкү балдар Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу да, ким кайда командалык кылган, согуштун баскычтары, баатыр-шаарлар жөнүндө да өтө аз билишет. Белгилейин дегеним, буларды жөн гана билбестен, аларды салыштырып, талдай да билиш керек.

Программалар орус тилдүү да, кыргыз тилдүү да мектептер үчүн дээрлик жыл сайын чыгат. Бирок орус мектептер үчүн Кыргызстанда деги эле китеп жок.

Билим берүү министрлигинин буйругунда "Орус тилдүү мектептер үчүн дүйнөлүк тарых" жана бардык мектептер үчүн "Адам, коом, экономика" сабактары боюнча окуу куралдары жана китептер көрсөтүлүүчү жер бош турат. Бул аталган сабактар боюнча бизде китеп да, эч бир башка окуу куралы да жок дегенди билдирет.

Эгер борбордун орус тилин билген окуучулары маалыматтардын интернет аркылуу таба алышса, КРдин түштүгүндөгү балдарга бул жагынан өтө кыйын. Көпчүлүгү орус тилин да, тарыхты да билишпейт.

— Мугалимдер китеби жок кантип окутуп жатышат? Совет мезгилиндегилерди пайдаланып жатышкандыр?

Сариева: окуу китептеринин жетишсиздиги толук каржыланбагандык менен шартталган
— Жок, советтик китептер бизде колдонуудан алып салынган. Мугалимдер ар кими өз колунан келгенин кылып, жолуп таап жатат. Мүмкүн кимдир бирөө эски китептерди колдонуп жаткандыр, Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүү министрлик менен бирге чыгарган программасына туура келген темалар боюнча. Кыргыз тилдүү мектептерде бул жагынан жеңилирээк, себеби китептер бар.

Советтер Союзу убагындагы китептерди кайра калыбына келтирүү балким туура болмок. Дүйнөлүк тарых өзгөргөн жок, жана биздин өлкөнүн тарыхы да анын бир бөлүгүн түзөт. Эгер окутуудан Россия падышалыгынын, Россиянын жана Советтер Союзунун тарыхы чыгып калса, Кыргызстандын да тарыхы толук берилбей калат.

Дегинкиси бизде тарыхты аз билишет. Дагы жакшы, гуманитардык багыттагы долбоорлор бар. Ушундай конференциялар көбүрөөк мугалимдер менен мектеп окуучуларын кучагына алуу үчүн мектептерде өтүп жатат.

Маселени чечиш үчүн биринчи кезекте сабактын саатын көбөйтүү керек. Ошондой эле окуу китептери, мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор, окуучулар үчүн иш дептерлери, видео- жана аудиоматериалдар, көркөм жана даректүү тасмалар, плакаттар, карталар — окуу-усулдук комплекс деп аталчуулардын баары талап кылынат. Окуу китеби жок сабак — сабак эмес, ал эми тарых боюнча карталар өтө зарыл. Биз азыр эски же Кытай чыгарган карталарды пайдаланып жатабыз. Акыркыларында каталар абдан көп. 

Улуу ата мекендик согуш эле эмес, жалпы эле дүйнөлүк тарых боюнча. Бул мүмкүн окуу планынан тышкаркы курс же факультатив болор. Аскердик-атуулдук тарбия берүү билим берүүнүн өтө олуттуу бөлүгү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0