Казакстанда президенттик шайлоону эрте өткөрүү демилгеси түрдүү пикирге жем таштады

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүНурсултан Назарбаев шайлоодо. Архив
Нурсултан Назарбаев шайлоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан элдеринин ассамблеясы президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин көтөрүп, аны "Нур Отан" партиясы да колдоду. Бул боюнча Кыргызстандын серепчилери да өз пикирин билдирди.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Казакстанда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, аны өлкөнүн башкаруучу "Нур Отан" партиясы да колдоду. Казакстанда демилгеленип жаткан мындай маанилүү саясый чечим боюнча кыргызстандык серепчилер да өз оюн билдирди.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Кубан Таабалдиевдин баамында, жаңы уюмга – Евразиялык экономикалык биримдикке кирип аткан Казакстан өлкө ичиндеги туруктуулукту камсыз кылыш үчүн, саясый жактан бийликти бекемдөө зарылдыгы пайда болгондуктан жогорудагыдай саясый чечим кабыл алууда.

"Казакстандын азыркы учурдагы абалы туруктуулукту талап кылып, дүйнөлүк деңгээлдеги саясый окуяларга байланыштуу актуалдуу болуп бара жатат. Ошол себептен жаңы уюмдарга (Евразиялык экономикалык биримдикке – ред.) кирип аткан Казакстан өлкө ичиндеги туруктуулукту камсыз кылыш үчүн саясый жактан бийликти бекемдөө зарылдыгы пайда болду. Экинчиден, азыр эл Назарбаевди жакшы колдогондуктан, аны колдонуп, мүмкүнчүлүктү тезирээк ишке ашырып, шайлоону өткөрүп жатат. Албетте, мунун натыйжасында, Казакстандын ички өнүгүү процесси жана алдыга койгон пландарынын эки-үч жылга туруктуу бойдон сакталып калуусуна жол ачылат", — дейт ал. 

Таабалдиев ошондой эле, Казакстанда демилгеленип жаткан шайлоонун жүрүшү Кыргызстанга эч кандай терс таасир тийгизбей турганын кошумчалады.

"Казакстанда буга чейин болуп келген шайлоолордун бардыгы тынч өткөнүн эске алганда, анын жүрүшү Кыргызстанга эч кандай терс таасир тийгизбейт. Мүмкүн, шайлоонун жүрүшү Кыргызстанга үлгү боло тургандай деңгээлде өтөт деп айтууга болот", — дейт серепчи. 

Саясат таануучу Марат Казакпаев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечими Нурсултан Назарбаевге таандык экенин белгилейт.

"Бул боюнча түрдүү көз караш бар. Биринчиден, шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү саясый чечимин Нурсултан Назарбаев өзү кабыл алды. Казакстанда ага каршылаш боло ала турчу талапкер жок. Ошон үчүн өзү президент болгусу келип жатат", — дейт ал.

Ал Кыргызстанга салыштырмалуу Казакстанда саясый атаандаштык жок болгондуктан, шайлоонун жүрүшү Кыргызстанга таасир деле бербейт деген пикирин кошумчалады.

"Алардыкы башка система жана күчтүү альтернативдүү оппозиция деген жок. Бир эле — Назарбаевдин саясый күчү бар. Калгандары эч нерсе дей албайт. Кыскасы, эч деле таасири тийбейт. Бизге караганда ал жакта саясый атаандаштык жок", — деди ал.

Ишемби күнү, 14-февралда Астанада Казакстандын элдеринин ассамблеясынын (КЭА) кеңешинин жыйыны болуп, кеңештин мүчөлөрү президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин бир добуштан колдоого алган.

Келерки жылы Казакстанда президенттик жана парламенттик шайлоо болмок. Буга чейинки президенттик шайлоо 2011-жылы өтүп, ал да кезексиз болгон. Кезексиз шайлоону өткөрүү боюнча буйрукка Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2011-жылдын 3-февралында кол коюп, шайлоо күнү 3-апрелге белгиленген. Шайлоонун жыйынтыгында Назарбаев 95,55 пайыз добуш менен президенттикке кайтадан шайланган. 2007-жылы парламент Назарбаевге өлкөнүн алгачкы президенти катары чеги жок шайлоого катышуу укугун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0