БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика комитети жарандардын кайрылууларына мамлекеттик органдарды он төрт күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттендирген айрым мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөрдү 3-окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Эл өкүлү ошондой эле, сунушталган норманы бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлери жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.
Аталган комитет мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун карап, 3-окууда кабыл алды. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт.
Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргызчаны билүү деңгээлин аныктайт. Аталган демилге боюнча 2-окууда берилген сунуштар кабыл алынганын Кожобек Рыспаев комитет мүчөлөрүнө билдирди.