Совет доорундагы комедия жанрынын генийи Леонид Гайдай 1923-жылдын 30-январында туулган. Ал абдан таланттуу комедиограф болгон. Анын тасмаларында айтылган цитаталарды мурдагы СССРдин курамындагы өлкөнүн жарандарынын дээрлик көпчүлүгү билет.
Көрүүчүлөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Леонид Гайдайдын тасмалары эң мыкты деп аталган он комедиянын катарына кирет.
Гайдайдын эң биринчи тасмасы 1956-жылы тартылган "Узак жол" ("Долгий путь") болуп эсептелет. Режиссер жалпысынан 18 тасма тарткан. Анын көбүнүн сценарийин өзү жазган. Алардын катарында "Иван Васильевич кесибин алмаштырат" (Иван Васильевич меняет профессию"), "Бриллианттуу кол" ("Бриллиантовая рука"), "Андай болушу мүмкүн эмес!" ("Не может быть!"), "Кавказ туткуну" ("Кавказская пленница"), "Ы Операциясы" ("Операция Ы") жана башка тасмалары кирет.
Бир канча кинодо Гайдай экинчи пландагы ролдордо тартылып, көрүүчүлөрдүн элесинде да калган.
Режиссер 1993-жылдын ноябрь айында каза болгон.