БИШКЕК, 21-янв — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында КСДП фракциясынын депутаты Гүлнара Жамгырчиеваны Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басарлыгына жактырды.
КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков Жамгырчиеванын талапкерлигин колдоо үчүн эл өкүлдөрүнө кайрылды.
"Гүлнара Жамгырчиева бул тармакты ичинен жакшы түшүнгөн киши. Андыктан талапкерлигин колдойлу", — деди депутат.
Жогорку Кеңештеги Адам укуктары конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин Гүлнара Жамгырчиеваны КР Акыйкатчысынын орун басарлыгына дайындоо жөнүндөгү чечимин 79 депутат колдоого алып, ал Акыйкатчынын орун басарлыгына жактарылды.
Добуш берүү электрондук жабык түрдө өттү.
Буга чейин Жамгырчиеванын талапкерлигин КСДП фракциясы жактырылган болчу.