БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештеги тармактык комитет депутат Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин КР акыйкатчысынын орун басарлыгына жактырганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Депутаттын талапкерлигин аталган кызмат ордуна Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев тааныштырып, аны комитеттин мүчөлөрү колдоду.
Шаршемби күнү бул жылдын эсебинен боло турчу Жогорку Кеңештин акыркы пленардык жыйынында анын талапкерлиги каралмакчы.