Былтыр Кыргызстанда 165 миңден ашык бала төрөлгөн

Жазылуу
2013-жылга салыштырмалуу былтыр балдар көп төрөлгөн

БИШКЕК, 20-янв — Sputnik. 2014-жылы Кыргызстанда 165 миң 398 бала төрөлгөнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ниязалиева: 94 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды
Бишкек шаарында былтыр 25 миң 675 бала төрөлсө, Ош облусунда – 36 миң 969, Жалал-Абадда – 31 миң 914, Ысык-Көлдө – 10 миң 969, Талас облусунда – 6 миң 784 бала, Нарында 6 миң 691 жана Ош шаарында 7 миң 733 бала төрөлгөн. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу балдардын төрөлүүсү 8 миң 679 балага көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0