Ниязалиева: 94 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрхив: бала бакча
Архив: бала бакча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу боюнча аракеттер азыркы учурга чейин жүрүп жатканын вице-премьер-министр билдирди.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Мамлекеттин менчигине 94 бала бакча кайтарылганын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул багытта аракеттер жүрүүдө.

"Учурда сот аркылуу чечилип жаткан объектерди кайтаруу боюнча кыйынчылыктар бар", — деди вице-премьер-министр.

Ниязалиева белгилегендей, эле кайтарылган 94 бала бакчанын 68и өз багыты боюнча иштеп жатса, калганында оңдоо иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0