"Энергомаш" $1 миллиарддык ракета кыймылдаткычтарын АКШга сатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРакетный двигатель РД-180 на НПО "Энергомаш"
Ракетный двигатель РД-180 на НПО Энергомаш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын кыймылдаткычтары Orbital Sciences тарабынан чыгарылуучу Antares ракетасынын биринчи баскычында колдонулат. "Энергомаш" ИӨБ менен Бириккен ракеталык-космос корпорациясы келишим боюнча 60 кыймылдаткыч сатышы керек.

АКШ: жүк ташуучу космос кемеси учуп жатканда жарылып кетти
БИШКЕК, 16-янв — Sputnik. Orbital Sciences эл аралык америкалык компаниясы менен "Энергомаш" ИӨБ жана Бириккен ракеталык-космос корпорациясы (БРКК) РД-181 үлгүсүндөгү 60 ракета кыймылдаткычын сатуу жөнүндө келишимге кол коюшту деп билдирет РИА Новости "Известия" гезитине таянуу менен.

Россия тарап АКШга ракеталык кыймылдаткычтарды сатуу боюнча өкмөттөн уруксат берүүчү бардык документтерди мурдараак алган деп белгиледи "Энергия" ракеталык-космос корпорациясынын президенти Владимир Солнцев.

"Сатуунун баасына 60 кыймылдаткычтын гана наркы кирбейт. Ага учууга даярдоо, кыймылдаткычты ракетага орнотуп жана аны сыноодон өткөрүү боюнча кызматтардын акысы да киргизилген. Келишимдин жалпы баасы 1 миллиардга жакын долларды түзөт", — деди Солнцев.

Корпорациянын "Энергомаштын" атынан келишимге кол койгон жетекчисинин айтымында, РД-181 аскер багытындагы космос аппараттарында пайдаланбоо шарты белгиленген.

Россиянын кыймылдаткычтары Orbital Sciences тарабынан чыгарылуучу Antares ракетасынын биринчи баскычында колдонулат.

"Келишимде көрсөтүлгөн кыймылдаткычтар үчкө бөлүнүп, жыйырмадан сатылат. Биринчи 20 кыймылдаткыч боюнча толук макулдашылган келишим бар. Биз аларды чыгарууга кириштик, себеби эки РД-181 келерки жылдын июнунда сатылышы керек деп макулдашылган", — деп сөзүн бүтүрдү Солнцев.

Премьер-министр Дмитрий Медведев жылдын аягында РД-181 кыймылдаткычтарын сатуу боюнча Россиянын "Энергомаш" ИӨБ менен Американын Orbital Sciences компаниясынын ортосунда келишим түзүү процесси жөнүндө буйрукка кол койгон.

Өткөн жылдын октябрында Antares ракета алып жүрүүчү "Валлопс" космодромунда (Виржиния штаты) учар алдында жарылып кеткен. Кемеде орнотулган Cygnus космос жүк ташыгычы ЭКСке эки тонна жүк жеткириши керек болчу.

Кырсыктын расмий себеби жарыяланган эмес, бирок серепчилер жарылуу советтик НК-33 кыймылдаткычынын негизинде жаңыланып жасалган AJ-26 кыймылдаткычындагы оң эместиктен болду деген бир пикирди айтышат. Окуя болгондон кийин Orbital Sciences өзүнүн ракета алып жүрүүчүлөрүн башка кыймылдаткычтар менен жабдууну пландап жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0